Борбор жөнүндө
Борбордун максаты
Борбордун максаты курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Борбордун милдеттери
Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкештигин тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзүү;
- тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
- юридикалык жана жеке жактарды маалыматтык жактан колдоо жана кызмат көрсөтүү.
Борбордун функциялары
Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларын ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- шайкештикти баалоо боюнча, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредитация алуу маселелери боюнча аккредитациялоого ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз ара аракеттенет;
- сыноо жүргүзүү үчүн сертификатталуучу продукцияларды тандап алууну ишке ашырат;
- сертификатталуучу продукцияга сыноо жүргүзүү үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларын пайдаланат;
- шайкештик сертификаттарын берет;
- курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзөт;
- берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт;
2) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- сертификаттоо объекттерине инспекциялык контролду ишке ашырат (эгерде мындай контрол тиешелүү сертификаттоо схемасында каралган болсо);
- берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун токтотот же жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигин тастыктоонун жыйынтыгын таануу боюнча иштерди жүргүзөт;
- аккредитация алуу маселелери боюнча сыноо лабораторияларын аккредитацияга атайын ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз ара аракеттенет;
- сыноо протоколдорун берет;
3) колдоо функциялары:
- курстардын программаларын жана тестирлөө ыкмаларын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (мындан ары - КРӨМА) бекитүүгө берет;
- инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча иш жүргүзөт;
- адистерди окутууну жана кайрадан даярдоону жүргүзөт.
- тармактын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды КРӨМАга киргизет;
- тармактын (техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин топтомунун ж.б.) регламенттештирүүчү техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана карайт.
- тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтердин (техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин топтомунун ж.б.) фондун түзөт;
- тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтер жөнүндө кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга маалымат берет;
- долбоорлоону, имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын техникалык абалын изилдөөнү, ошондой эле аларга мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат;
- ишканалар, уюмдар, мекемелер менен кызматташат, аларды жана өз алдынча адистерди Борбордун иш чөйрөсүндө эксперттик жана башка иштерди аткарууга жана жүргүзүүгө тартат;
- сертификаттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө арыз берүүчүгө маалымат берүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.