Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

12 кабаттуу турак жайдын курулушундагы бетондун сапаты текшерилди

26.01.2026, 16:28
6

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсү 126 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жай комплексиндеги бетондун сапатына текшерүү жүргүзүштү.
 

Көчмө текшерүүдө бетондун сапатына жана анын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоого багытталган сыноолор жүргүзүлдү. Сыноолордун жана зарыл болгон эсептөөлөрдүн негизинде колдонулуп жаткан бетондун сапатына тиешелүү баа берилет.
 

Мындай көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү курулуп жаткан турак жай объектилеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле курулуш ченемдеринин жана стандарттарынын талаптарын сактоого багытталган.