Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Балыкчыда курулуп жаткан көмөк чордондогу топурактын тыгыздыгы текшерилди

24.11.2025, 15:12
4

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясын тарабынан Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы негизги көмөк чордондордун биринде топурактын тыгыздыгын текшерүү боюнча көчмө текшерүү жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн алкагында лабораториянын адистери топурактын тыгыздык коэффициентин аныктоо үчүн түздөн-түз объектиде сыноолорду жүргүздү. Мындай өлчөөлөр пайдубалдын иш жүзүндөгү абалын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле курулган конструкциялардын курулуш ченемдеринин жана стандарттарынын талаптарына шайкештигин ырастоого болот.

Алынган жыйынтыктар мындан аркы талдоо үчүн жана объекттин инфратүзүмүнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонулат.