Баткен: Булак-Баш айылында өндүрүлгөн газоблоктун сапаты текшерилди
10.02.2026, 15:06
6
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Баткен облусунун Лейлек районунун Булак-Башы айылында жайгашкан газоблок өндүрүүчү заводго текшерүү жүргүздү.
Текшерүү учурунда адистер өндүрүш технологиясы менен таанышып, заводдун абалынын техникалык талаптарга шайкештигин анализдеди. Ошондой эле, сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгына таянып, өндүрүлгөн продукциянын колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келүүсү же келбестиги жөнүндө расмий чечим кабыл алынат.