Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкек: 18 кабаттуу турак жайдын курулушунда топурактан үлгүлөр алынды

23.02.2026, 14:47
8

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Бишкек шаарындагы Айни көчөсү 16 дарегинде жайгашкан 18 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисиндеги жер кыртышынын тыгыздыгын аныктоо үчүн, топурактан үлгү алуу иштери жүргүзүлдү.
 

Изилдөөнүн жүрүшүндө топурактын негизги мүнөздөмөлөрү текшерилип, анын тыгыздыгы жана белгиленген техникалык талаптарга шайкештиги бааланды. Мындай изилдөөлөрдү жүргүзүү имараттардын пайдубалынын ишенимдүүлүгүн камсыздоого жана курулуп жаткан объектилердин коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
 

Алынган үлгүлөр жер кыртышынын тыгыздыгын, сапатын жана бекемдик мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн лабораториялык сыноолорго жөнөтүлөт.