Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкек: "Бишкек бетон заводунда" бетондун өндүрүлүшүнө текшерүү жүргүзүлдү

23.01.2026, 16:23
1

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти менен биргеликте "Бишкек бетон заводу" ЖЧКсына көчмө текшерүү жүргүздү.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө архитектуралык-уруксат берүүчү документтердин жоктугу, ошондой эле бетон өндүрүү үчүн белгиленген талаптардын жана ченемдердин сакталбагандыгы сыяктуу бир катар кемчиликтер аныкталды. Мындан тышкары, лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн бетондун, кумдун жана шагылдын үлгүлөрү алынды. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча продукциянын колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарынын шайкештигине баа берилет, андан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

 

Текшерүү министрдин тапшырмасына ылайык, курулуш материалдарынын сапатына болгон көзөмөлдү күчөтүүнүн жана мыйзам талаптарынын сакталышын камсыздоонун алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган текшерүү буга чейин борбор калаадагы бир катар курулуш объекттеринде аныкталган мыйзам бузууларга, тактап айтканда, бетон материалдарынын белгиленген ченемдерге шайкеш келбеген учурлары катталгандыгына байланыштуу жүргүзүлдү.

 

Эске салсак, буга чейин Анкара көчөсү 3а дарегинде жайгашкан, “Аалам Строй” ЖЧКсына таандык турак жай комплексинин ондон ашык блогунда бир катар курулуш мыйзамдарынын бузулгандыгы аныкталган. Ошондой эле курулуш иштеринин этаптарын  өткөрүү үчүн компания тарабынан жеке лабораториялар тартылганы белгилүү болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган компанияга карата жалпы суммасы 3 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынган.