Бишкек: Көк-Жар кичи районундагы курулуш иштери токтотулду
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору, жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин өкүлдөрү жарандардын видео кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы №22-23-үйдө жүрүп жаткан курулуш боюнча текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн максаты-аталган аймактын жер төлөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан курулуш жана кайра пландоо иштеринин мыйзамдуулугун аныктоо, ошондой эле имараттын жүк көтөрүүчү конструкцияларынын абалын баалоо жана сейсмикалык коопсуздук талаптарынын сакталуусун текшерүү болуп саналат. Текшерүү учурунда жашоочулар менен жолугушуу өткөрүлүп, тиешелүү маалыматтар жана материалдар чогултулду.
Учурда объект адистер тарабынан изилденүүдө. Маалыматтар жана берилген иш кагаздарынын мыйзамдуулугу такталганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду жана жазуу түрүндө эскертүү берилди.