Бишкек: Көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушундагы топурак текшерилди
22.01.2026, 09:45
7
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү 68/1 дарегинде жайгашкан 14, 16 жана 18 кабаттуу турак жай үйлөрүнүн (социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объектилери менен) курулуш объектисиндеги топурактын үлгүлөрдү алынды.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө адистер тыгыздалган топурактын сапатын белгиленген ченемдик талаптарга ылайык аныктоо максатында топурактан үлгүлөрдү алышты.
Мындай текшерүүлөр - курулуш иштеринин маанилүү баскычы болуп саналат. Ошондой эле курулуп жаткан объектилердин пайдубалынын ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга багытталган.