Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкек: Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушундагы бетондун сапаты текшерилди

13.02.2026, 10:08
8

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонунун республикалык борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Орто-Сай айылында жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш объектисиндеги бетондун сапатына текшерүү жүргүздү.
 

Текшерүү учурунда Кашкаров балкасын колдонулуп, бузбай текшерүү ыкмасы менен сыноолор жүргүзүлдү. Иштер бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоого, конструкциялардын сапатын жана алардын долбоордук документтерге жана белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин баалоого багытталган.
 

Сыноолордун жыйынтыгы боюнча конструкциялардын абалына техникалык баа берилет.