Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкек: Курулуш объектисинде бетондун сапаты текшерилди

18.02.2026, 16:19
8

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндө жайгашкан турак жай кварталынын курулуш объектисинде бетондун сапатына текшерүү жүргүзүлдү.
 

Текшерүүнүн алкагында бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо боюнча сыноолор аткарылып, ошондой эле курулуш материалынын жарыяланган маркасынын белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилди.
 

Аткарылган иштер курулуш конструкцияларынын сапатын камсыздоого, ченемдик талаптарды сактоого жана курулуп жаткан объектилердин коопсуздугун жогорулатууга багытталган.


Сыноолордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү техникалык баа берилет.