Бишкек: Курулуш объектисиндеги кыналган кыштардын бекемдиги текшерилди
09.02.2026, 15:13
8
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсү 223 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйлөрдөгү кыналган кыштардын бекемдигине текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн алкагында адистер кыштардын биригүүсүнүн иш жүзүндөгү бекемдигин баалап, ошондой эле аткарылган курулуш иштеринин долбоордук документтерге жана белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин текшерди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралар курулуш конструкцияларынын сапатын камсыздоого, объектилердин коопсуздугун жогорулатууга жана аткарылган иштердин учурдагы стандарттарга шайкештигин тастыктоого багытталган.