Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкек: Парктагы тротуарга төшөлгөн асфальт текшерилди

24.10.2025, 13:18
15

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан “Тунгуч” кичи районунда жайгашкан парктагы жаңы төшөлгөн асфальт-бетондун сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Буга чейин социалдык тармак аркылуу тургундар тарабынан видео кайрылуу келип тушкөн. Анда тургундар парктын аймагындагы бир ай мурда төшөлгөн асфальтта жаракалар пайда болгондугу тууралуу айткан.

Текшерүү учурунда адистер төшөлгөн асфальттын абалын карап чыгып, лабораториялык изилдөөлөр үчүн керн үлгүлөрүн алды. Анын жыйынтыгы боюнча асфальт-бетондун физикалык жана механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, аткарылган иштердин белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча корутунду даярдалат.

Бардык жыйынтыктар чыккандан кийин көйгөйлүү тилке боюнча мындан аркы аракеттерди аныктоо тууралуу чечим кабыл алынат.