Бишкек шаарындагы бетон аралашмаларын чыгаруучу завод текшерилди
28.01.2026, 14:45
2
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсү 1/5 дарегинде жайгашкан бетон аралашмаларын чыгаруучу заводду текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер технологиялык процесс жана жабдуулардын техникалык абалы менен таанышып, ошондой эле лабораториялык сыноолор үчүн бетондон куб формасындагы үлгүлөрдү алды.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бетон аралашмаларынын сапатынын учурдагы ченемдик документтердин талаптарынын шайкештигине баа берилет.
Мындай текшерүүлөрдү жүргүзүү курулуш материалдарынын сапатын камсыздоого жана курулуш тармагындагы белгиленген стандарттарды сактоого багытталган.