Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкекте турак жай комплексинин курулушундагы бетондун сапаты текшерилди

19.01.2026, 13:54
1

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсү 223 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш объектинде колдонулуп жаткан бетон материалдарынын сапатына көзөмөл жүргүздү.
 

Текшерүүнүн алкагында бетондун бекемдигин аныктоого багытталган сыноолор жүргүзүлдү. Бул иш-чаралар курулуш материалдарынын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.
 

Белгилей кетсек, бетондун сапатын көзөмөлдөө курулуш процессиндеги маанилүү этаптардын бири болуп саналат жана курулуп жаткан турак жай имараттарынын бекемдигин камсыз кылууга, ошондой эле келечектеги жашоочулардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.