Бишкек ш., ​Московская, 190
|
ADMIN@RCSS.GOV.KG, GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Бишкектеги жаңы салынган мектептерге пресс-тур уюштурулду

08.12.2023, 08:29
32

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы №18 жана № 59 мектеп-гимназияларынын жаңы салынган кошумча имараттарына пресс-тур уюштурулду.
 

№18 мектеп-гимназиясынын кошумча имаратынын курулушу 2019-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.  Жаңы салынган эки кабаттуу имараттын жалпы аянты - 1544,0 м2. Окуучулар үчүн бардык шарттар каралган: окуу класстары, медициналык кабинет, ашкана, химия жана биология кабинеттери, лабораториялык класстар түзүлгөн. Азыркы учурда жаңы корпуста  биринчи сменде – 451, ал эми экинчиде 304 бала билим алууда.

Ал эми жаңы корпустар салынган мектептердин экинчиси - № 59 мектеп-гимназиясында 2400дөн ашуун бала окуйт. 150 орунга эсептелген жалпы аянты 1072,6 м2ты түзөт. Курулуш иштери толук мамлекеттик бюджеттин эсебинен жургүзулгөн.  2 кабаттуу заманбап талаптарга жооп берген кошумча корпуста кабинеттик класстар, чет жана орус тил кабинеттери, өнөр каана каралган. Андан сырткары, химия жана биология лабораториялык кабинеттери түзүлгөн.