Чолпон-Ата шаарында ачылган жаңы курулуш лабораториясы боюнча маек
Чолпон-Ата шаарында ачылган жаңы курулуш лабораториясы боюнча маек
Бүгүн, 30-июлда Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясынын башчысы Элдар Төлөмүшев Sputnik радиосуна берген маегинде Чолпон-Ата шаарындагы жаңы лабораториянын ишке кирээрин билдирди.
Аталган лаборатория 2025-жылдын 4-августунда расмий түрдө ишин баштайт жана Ысык-Көл облусундагы курулуш конструкцияларынын жана материалдарынын сапатын көзөмөлдөө системасынын бир бөлүгү болуп саналат.Курулуш тармагындагы ар бир материал – топурак, бетон, кирпич, шагыл жана башкалар – лабораториялык сыноодон өтөт. Жыйынтыгында расмий көзөмөл протоколу түзүлөт.
Көчмө текшерүүлөр үчүн заманбап мобилдик лабораториялар колдонулат. Бул курулуш объекттеринде түздөн-түз ыкчам сыноолорду жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, ушундай эле лаборатория Ош жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатат. Алдыда Курулуш министрлиги тарабынан өлкөнүн башка аймактарында да ачуу пландалууда.