Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Кара-Суу районунда монолиттик конструкциялардын бекемдиги текшерилди

24.02.2026, 11:17
8

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Арипжан айылында 5 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисиндеги монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди.
 

Сыноолор МамСТ 22690-2015 “Бетондор. Бузбай көзөмөлдөөнүн механикалык ыкмалары менен бекемдикти аныктоо” талаптарына ылайык Кашкаров балкасын колдонуу менен аткарылды.
 

Жүргүзүлгөн иштер монолиттик темир-бетон конструкцияларындагы бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоого, аткарылып жаткан иштердин сапатын баалоого жана алардын долбоордук көрсөткүчтөргө шайкештигин текшерүүгө мүмкүндүк берет.
 

Курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын сапатын көзөмөлдөө системалуу негизде жүргүзүлүп, курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.