Каракол: облустук оорукананын курулуш объектисинде темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди
27.02.2026, 16:24
6
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Каракол шаарындагы (Кутманалиев көчөсү 2) 350 орундуу жаңы облустук оорукананын курулуш объектисинде темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин текшерди.
Сыноолор мамСТ 22690-2015 "Бетондор. Бузбай текшерүүнүн механикалык ыкмалары менен бекемдигин аныктоо" талаптарына ылайык Кашкаров балкасын колдонуу менен жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштер монолиттик темир-бетон конструкцияларындагы бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоого, аткарылып жаткан иштердин сапатын баалоого жана алардын долбоордук көрсөткүчтөргө шайкештигин текшерүүгө багытталган.