Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Кум жана шагыл өндүрүүчү заводго текшерүү жүргүзүлдү

27.01.2026, 16:19
5

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Терек участкасында жайгашкан курулушта колдонулуучу кум жана шагыл өндүрүүчү заводго сертификациялоо иштерин жүргүзүү максатында барды.
 

Текшерүүнүн алкагында адистер продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси менен кенен таанышып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигине талдоо жүргүзүштү. Мындан сырткары, сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрү алынды.
 

Сыноолордун жыйынтыгы боюнча чыгарылган продукциянын колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
 

Сертификациялык иш-чараларды өткөрүү - курулуш материалдарынын сапатын камсыз кылууга жана курулуш тармагындагы белгиленген стандарттардын сакталуусуна багытталган.