Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Курулушта сертификаттоо борбору квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүүдө

24.11.2025, 15:14
4

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертрификаттоонун республикалык борбору жогорку жана орто кесиптик билимдин базасында курулуш адистигине окутуу жана инженердик-техникалык кызматкерлердин (ИТК) квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштурууда.  

Окутуу курулуш машиналарынын, механизмдеринин жана атайын техниканын (автокрандар, мунаралуу, көпүрөлүк жана консолдук крандар, бульдозерлер, экскаваторлор, ар кандай көтөргүчтөр, жүктөгүчтөр) иштөөсүнө байланыштуу багыттар боюнча жүргүзүлөт. 

Курстар жаңы билим алууну, кесиптик деңгээлин жогорулатууну же курулуш тармагында кошумча адистикти өздөштүрүүнү каалаган бардык жарандарга арналган. 

Толук маалымат алуу жана курстарга жазылуу үчүн төмөнкү номерге кайрылсаңыз болот: +996 770 555 672 (WhatsApp).