Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жаңы имараты курулууда

06.01.2026, 09:18
10

Бүгүн, 6-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын Ж. Бөкөнбаев көчөсү 88 дарегинде министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жаңы имараты курулуп жаткан объектидеги иштердин жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуш иштеринин сапатына, колдонулуп жаткан материалдардын талаптарга жооп берүүсүнө жана иштердин бекитилген графикке ылайык аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.

Учурда объекттеги имараттын үчүнчү кабатын заводдон даярдалган темир-бетон блок-модулдар аркылуу тургузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу имарат курулат. Жаңы имаратта жумушчу бөлмөлөр, конференц-зал, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү үчүн атайын окуу бөлмөлөрү каралган. Бул өз кезегинде кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө, ошондой эле жарандарды тейлөө сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун өзүнчө имараты жок болгондуктан, борбордун кызматкерлери учурда Бишкек шаарынын Москва көчөсү, 190 дарегиндеги имаратта ижарада иштеп келишет. Ал эми жаңы имараттын курулушу 2025-жылдын 28-ноябрында башталган.