Курулуштагы сертификаттоонун республикалык борборуна кантип кайрылуу керек
Курулуштагы сертификаттоонун республикалык борборуна кантип кайрылуу керек?
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулуштагы сертификаттоонун республикалык борбору шаар куруу тармагында колдонулган курулуш материалдарынын сапатын текшерүү иштерин улантууда.
Шайкештик сертификатын алуу үчүн арыз берүү жол-жобосунан өтүү зарыл. Бул үчүн арыз ээси арызды, келишимди жана кошумча материалдарды камтыган документтерди толук даярдашы керек. Бардык берилген маалыматтар милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтөт.
Сертификат берилгенге чейин курулуш материалдарынын үлгүлөрү лабораториялык экспертизага жөнөтүлөт. Адистештирилген шарттарда алардын физикалык, химиялык жана техникалык мүнөздөмөлөрү бааланат. Лабораториянын оң корутундусунан кийин гана тиешелүү сертификат берилет.
Эскерте кетсек, Республикалык сертификациялоо борбору курулуш материалдарынын белгиленген сапат жана коопсуздук талаптарына шайкештигин тастыктоо менен алектенет. Берилген сертификат продукциянын Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында колдонууга жарактуу экендигинин расмий түрдө тастыктап турат.
Биздин дарек Москва көчөсү, 190
Байланыш номерлер: (312) 45-40-20, (312) 45-40-30.