Ош: Бала бакчанын курулушунда топурактын сапаты текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу району, Кызыл-Мээнет айылындагы 90 орундуу бала бакчанын курулушунда топурактын сапатына текшерүү жүргүзүлүп, үлгүлөр алынды.
Текшерүү иштери - топурактын тыгыздыгынын сапатын жана анын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин аныктоо максатында өткөрүлүүдө.
Сыноолор топурактын тыгыздоо мүнөздөмөлөрүнүн аныктоо ыкмаларын жөнгө салган МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Мындай текшерүүлөр курулуш объектилеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле курулуштун бардык этаптарында курулуш ченемдери менен стандарттарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган.