Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ош: Бала бакчанын курулушундагы топурактын сапаты текшерилди

15.01.2026, 14:20
4

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Толман айылында, А.Эшов атындагы орто мектептин аймагында жайгашкан 75 орундуу бала бакчанын курулуш объектисиндеги топурактын сапаты каралып, үлгүлөр алынды.

Текшерүү учурунда топурактын тыгыздыгын аныктоо максатында атайын  үлгүлөрү алынды. Көзөмөл МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык жүргүзүлүп, анда курулуш объектисиндеги топурактын тыгыздыгын жана сапатын баалоо ыкмалары жөнгө салынган.

Мындай текшерүү чараларын өткөрүү курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле курулуштун бардык этаптарындагы ченемдик талаптарды сактоого багытталган.