Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ош: Бетон аралашмаларын чыгаруучу завод текшерилди

12.11.2025, 16:46
15

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулуштагы сертификациялоо республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын адистери Ош шаарынын Өзгүр айылында жайгашкан бетон аралашмаларын чыгаруучу заводдордун бирин текшеришти. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө технологиялык процесс жана документтер каралып, сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды. 

Сыноолордун жыйынтыгы боюнча чыгарылган продукциянын колдонуудагы документтердин талаптарына ылайык келүүсү же келбестиги жөнүндө чечим кабыл алынат.