Ош: Бетон аралашмаларын чыгаруучу заводдо текшерүү жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунун Ноокат трассасынан 5км алыс аймакта жайгашкан оор бетон аралашмаларын өндүрүүчү заводдо сертификациялык текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүш процесси менен таанышып, техникалык жана керектүү документтерди, өндүрүш шарттарын текшерди. Ошондой эле чыгарылып жаткан продукциянын белгиленген талаптарга шайкештигин баалады.
Мындан тышкары, лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрү алынды.
Сертификациялык иш-чаралардын жыйынтыгында өндүрүштөгү технологиялык жана техникалык стандарттардын сакталуусу талдоого алынат. Зарыл болгон учурда ишканага тиешелүү сунуштар жана көрсөтмөлөр берилет.