Ош: IT-шаарчасында балдар борборунун кыш дубалы текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Ош шаарындагы Курманжан-Датка жана Беш-Капа көчөлөрүндө жайгашкан IT-шаарчасынын курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында IT-шаарчасындагы балдар билим берүү борборунун курулушундагы кыш дубалынын бекемдиги текшерилди.
Сыноолор курулуш иштеринин сапатын баалоо жана курулуп жаткан конструкциялардын долбоордук талаптарга шайкештигин текшерүү максатында "Таш конструкциялары. Таш дубалдын бекемдигин аныктоо ыкмасы" МамСТ 24992–2014 талаптарына ылайык жүргүзүлдү.
Кыш дубалынын бекемдигин көзөмөлдөө конструкциялардын ишенимдүүлүгүн аныктоого жана имараттарды андан ары коопсуз пайдаланууга кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкөнүн бардык негизги объектилеринде курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын сапатын системалуу көзөмөлдөөнү улантууда, курулуш процесстеринин белгиленген стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкештигин камсыз кылууда.