Ош: Курулуш материалдарын чыгаруучу ишканага текшерүү жүргүзүлдү
06.03.2026, 14:42
7
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын кызматкерлери асфальт-бетон аралашмасын даярдоодо колдонулуучу шагыл жана кум чыгаруучу ишканага барды. Завод Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан.
Текшерүү учурунда адистер өндүрүүдөгү технологиялык процессти карап чыгып, учурдагы ченемдик талаптарды эске алуу өндүрүштүк шарттарга талдоо жүргүздү. Мындан тышкары лабораториялык сертификациялык сыноолор үчүн продукциянын үлгүлөрү алынды.
Өткөрүлгөн сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги тууралуу чечим кабыл алынат.