Ош: Монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгынын сыноо лабораториясынын адистери Ош облусуна караштуу, Өзгөн районунун Шералы айылындагы эс алуу борборунун курулуш объектисиндеги монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдигин текшерди.
Текшерүү иш-чаралары МамСТ 22690-2015 “Бетон. Бекемдигин бузбастан механикалык ыкмалар менен аныктоо” деген стандарттын талаптарына ылайык Кашкаров балкасын колдонуу аркылуу жүргүзүлдү. Сыноолор бетондун чыныгы бекемдигин аныктоо, курулуп жаткан монолиттик темир-бетон конструкцияларынын сапатын баалоо жана алардын долбоордук маалыматтарга шайкештигин текшерүү максатында өткөрүлдү.
Курулуш тармагындагы Сертификаттоонун республикалык борбору капиталдык курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу боюнча пландуу иштерди улантууда.