Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ош: Сырттан алып келинген курулуш материалдарынын сапаты текшерилди

17.02.2026, 13:27
6

Курулуш тармагында коопсуздук жана сапат талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген арматураларды сертификациялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
 

Текшерүү Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсү 19 дарегинде жайгашкан IT-шаарчасынын курулуш объектисинде ишке ашырылды. Иш-чаранын алкагында материалдардын стандарттык талаптарга шайкештигине баа берилип, ошондой эле таңгактоо, эн белги коюу, үлгүлөрдү сактоо шарттары жана башкалар текшерилди. 
 

Мындан тышкары, сертификаттоо боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрү алынды. Алардын жыйынтыгы боюнча арматураны колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына шайкештигине баа берилет. 
 

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги курулуш материалдарынын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө, сертификатталбаган продукцияны колдонуунун алдын алуу жана курулуп жаткан объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча системалуу ишин улантууда.