Ош: Турак жайдагы монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Рахимов көчөсүндө курулуп жаткан 3-4 кабаттуу турак үйлөрдөгү монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди.
Аталган жерде МамСТ 22690-2015 “Бетондор. Бекемдигин бузбастан механикалык ыкмалар менен аныктоо” талаптарына ылайык сыноолор жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштер монолиттик темир-бетон конструкцияларынын иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоого, аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын баалоого, ошондой эле курулуп жаткан конструкциялардын белгиленген ченемдик талаптарга шайкештигин текшерүүгө багытталган.