Ош: жаңы оорукананын курулушундагы топурактын сапаты текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун респбуликалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Өзгөн шаарындагы 350 орундуу жаңы оорукананын курулуш объектисиндеги топурактын сапаты текшерилип, үлгүлөр алынды.
Көчмө лабораториянын кызматкерлери топурактын тыгыздыгын текшерүү иштерин жүргүздү. Үлгү алуу процесси МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык аткарылды. Топуракты текшерүу иштери анын белгиленген ченемдерге шайкештигин аныктоого жана жаңы имараттын коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындай изилдөөлөр курулуш конструкцияларынын туруктуулугун, курулуш ченемдери менен стандарттарынын сакталышын камсыздайт. Ошондой эле объекттин курулуш жана эксплуатация этаптарындагы жалпы коопсуздугун жогорулатат.