Сапат көзөмөлү: Кара-Сууда монолиттик конструкциялардын бекемдиги текшерилди
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылында жайгашкан "Саламат" медициналык борборунун хирургиялык корпусунун курулуш объектисиндеги монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди.
Текшерүү иш-чаралары Кашкаров балкасын колдонуу менен МамСТ 22690–2015 "Бетондор. Бузбай көзөмөлдөөнүн механикалык ыкмалары менен бекемдикти аныктоо" талаптарына ылайык аткарылды.
Иш сапардын жүрүшүндө монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо, аткарылган курулуш иштеринин сапатын баалоо жана алардын долбоордук чечимдерге жана ченемдик талаптарга шайкештигин текшерүү боюнча сыноолор жүргүзүлдү.
Мындай контролдук иш-чараларды жүргүзүү - курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана сапатын камсыздоого багытталган.