Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ысык-Көл: Курорттук комплекстин курулушундагы топурактын тыгыздыгы текшерилди

05.11.2025, 14:56
6

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында курулуп жаткан курорттук комплекстердин биринде топурактын тыгыздыгына сыноо жүргүздү.

Көчмө текшерүүнүн алкагында сыноо лабораториясынын адистери түздөн-түз курулуш аянтында топурактын тыгыздык даражасын аныктоо үчүн сыноолорду өткөрдү. Алынган маалыматтар аткарылган иштердин сапатын, курулуш ченемдеринин жана стандарттарынын талаптарына ылайык шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.

Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагындагы курулуш иштеринин жана материалдарынын сапатын лабораториялык сыноодон өткөрүү жана көзөмөлдөө менен курулуп жаткан объектилердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууда.