Бишкек ш., ​Московская, 190
|
GCSTROY@MAIL.RU
Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ысык-Көл: Курорттук комплекстин темир-бетон конструкциялары текшерилди

05.11.2025, 15:02
4

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында курулуп жаткан көп кабаттуу курорттук комплекстердин бириндеги темир-бетон конструкцияларынын сапатын текшеришти.

Көчмө текшерүүнүн алкагында сыноо лабораториясынын адистери бетондун бекемдигин аныктоо үчүн Кашгар балкасын колдонуу менен сыноолорду жүргүздү. Алынган жыйынтыктар курулуш иштеринин белгиленген стандарттарга жана коопсуздук талаптарына шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.

Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өлкө аймагындагы курулуш материалдарынын жана конструкцияларынын сапатын текшерүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп, курулуп жаткан имараттардын, курулмалардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга салым кошууда.