Жалал-Абад: Жолдун сапатын текшерүү үчүн асфальт-бетондон керн үлгүлөрү алынды
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы “Бек-Абад”-Бажы аймагынын (1,3 км, 1,6 км жана 3,1 км) автоунаа жолуна төшөлүп жаткан асфальт-бетондон керн үлгүлөрү алынды.
Текшерүүнүн алкагында көчмө лабораториянын кызматкерлери физикалык-механикалык көрсөткүчтөр боюнча кийинки сыноолор үчүн төшөлгөн асфальт-бетондун үлгүлөрүн алды. Жүргүзүлгөн сыноолордун негизинде материалдардын сапатынын белгиленген талаптарга шайкештигин аныктай турган сыноо протоколу даярдалат.
Мындай лабораториялык сыноолорду жүргүзүү жол иштеринин сапатын көзөмөлдөөгө жана транспорттук инфратүзүмүнүн ишенимдүүлүгүн, узак мөөнөттүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.