Даттанууларды кароо тартиби тууралуу маалымат
Даттанууну кароо тартиби жөнүндө маалымат
Өтүнүчтөрдү жана даттанууларды кароонун жалпы шарттары
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору (мындан ары – Борбор) жарандардын (юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн) жеке жана коллективдүү түрдө берген жазуу жүзүндөгү, электрондук билдирүү түрүндөгү, жарандарды жеке кабыл алуу учурунда айтылган оозеки, ошондой эле телефон аркылуу түшкөн (мындан ары – кайрылуулар) арыздарын жана даттанууларын карайт.
Борборго келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларды уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону катчы же ыйгарым укуктуу адис жүргүзөт.
Кайрылуулар жана аларга тиешелүү документтер Директордун дарегине катчы аркылуу жөнөтүлөт.
Директор кайрылууну кароо жана ага жооп даярдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдү (жаранды) аныктайт.
Жарандарды жеке кабыл алууну директор, директордун орун басары, лабораториянын башчысы, ошондой эле Борбордун башка ыйгарым укуктуу кызматкерлери жүргүзүшөт.
Бул учурда катчы кайрылуучуларга маалыматтык-кеңеш берүүчү жардам көрсөтөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууга коюлуучу талаптар
Жазуу жүзүндөгү кайрылууда сөзсүз түрдө жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты (юридикалык жактын аталышы), жооп же кайрылууну кайра жөнөтүү жөнүндө билдирүү жибериле турган почта (юридикалык) дареги көрсөтүлүшү керек.
Кайрылууда арыз ээси сунушунун, билдирүүсүнүн же даттануусунун маңызын жазып, колун коюп жана датасын көрсөтөт. Зарыл болгон учурларда кайрылууга документтер жана материалдар же алардын көчүрмөлөрү тиркелет.
Жалпы колдонуудагы маалыматтык системалар аркылуу Борборго келип түшкөн кайрылуулар ДП-7.9 процедурасында белгиленген тартипте каралат.
Кайрылууларды жана даттанууларды кароо функциясынын аткарылышы жөнүндө маалымдоо тартиби
Кайрылууларды жана даттанууларды кароо функциясынын аткарылышы тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар Борборго жеке келип, телефон аркылуу же жазуу жүзүндө кайрылышат:
дареги: Бишкек шаары, Московская көчөсү, 190, 2-кабат;
байланыш телефондору: 0312 45 40 20, 0770 555 911, 0557 557 310, 0772 555 202
электрондук почта: gcstroy@mail.ru
Маалымдоо учурундагы негизги талаптар:
берилген маалыматтын ишенимдүүлүгү;
маалыматтын толуктугу;
маалыматты так жеткирүү.
Кайрылуучуну маалымдоо жекече тартипте, оозеки же жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.
Кайрылууларды жана даттанууларды кароо функциясынын аткарылышы жөнүндө жекече оозеки маалыматты Борбордун кызматкерлери телефон аркылуу же жеке кабыл алууда беришет.
Жазуу жүзүндөгү маалыматты берүү электрондук почта аркылуу жооп жөнөтүү жолу менен ишке ашырылат.